Бишкектеги Ош базарынын ичиндеги “Берекет” базарынын директору жана өрт коопсуздугу боюнча жооптуу кызматкер убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Аларга Кылмыш жаза кодексинин өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу беренеси боюнча иш ачылган.
Эске салсак, үстүбүздөгү жыл ичинде Ош базарында үч жолу өрт чыкты. Акыркы жолку кырсыкта 300дөн ашуун соодагер зыян тартты. Ички иштер министрлиги бул фактынын негизинде иш козгогон.