Жаңылыктар
Ош шаарындагы бешинчи кабаттан секирип кеткен кыз каза болду
Кырсык
Ош шаарындагы бешинчи кабаттан секирип кеткен кыз каза болду

Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдө өрт чыккан учурда, бешинчи кабаттан секирип кеткен кыз каза болду. 

Аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет. Маалым болгондой, 24-апрелге караган түнү Ош шаарында жайгашкан 12 кабат үйдө өрт чыккан. 

Өрттүн кесепетинен алты адам жабыркап, Оштун облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Алардын экөөсүнүн абалы оор бойдон калууда.