Жаңылыктар
Грек-рим күрөшүнүн балбандары эл аралык мелдешке катышат
Спорт
Грек-рим күрөшүнүн балбандары эл аралык мелдешке катышат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык КР грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдешке катышат.

Олимпиада чемпиону Жакшылык Үчкемпировдун байгелерине арналган мелдеш 4-майдан 6-майга чейин Актау (Казакстан) шаарында өтөт.

Аталган мелдеште өлкө намысын төмөнкү спортчулар коргойт:
№ ААА Туулган жылы Спорттук наамы Салмак категориясы
1 Азмат Боронов 1998 СЧТ 55 кг
2 Канжарбек уулу Таластан 1999 СЧТ 60 кг
3 Халмурат Ибрагимов 1998 СЧ 67 кг
4 Темирлан Бектурдиев 1998 СЧТ 77 кг
5 Шукрат Ушуров Ага машыктыруучу
Балбандар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 116 миң сом каралган.