100 миң сом пара алып жаткан жеринен мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов кармалды. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жүргүзгөн ыкчам аракеттеринин натыйжасында Шерипов пара алуу учурунда кечээ колго түштү.
12-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Шериповго карата чара көрүү өтүнүчү менен жаран арыз жазып кайрылган. Анда Шерипов мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери менен сүйлөшүп алып, карыз акча үчүн болжол менен 7 миң долларга бааланган Мерседес Бенц үлгүсүндөгу эки унааны жана арыз жазган адамдын паспортун тартып алган.
Ошондой эле, ал арыз жазган адамдан 550 миң сом өлчөмүндө каражат талап кылган. Учурда пара опузалоо жана өзүм билемдик фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.