Жаңылыктар
Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда өрт кырсыгы катталдыбы?
Билим
Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда өрт кырсыгы катталдыбы?

Бүгүн А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда өрт учурунда эмне кылуу керектиги туурасында окуу-машыгуу өттү. Ага студенттер, тез жардам кызматы жана өрт өчүрүү кызматы катышты.

Алдын ала түзүлгөн сценарий боюнча окуу жайда өрт катталып, бир нече адам жабыркап, аны өрт өчүрүүчүлөр имараттын тышына алып чыгышты. Тез жардам кызматы болсо өрттөн жабыркаганга алгачкы жардамын көрсөттү. Мындан тышкары өрт өчүрүү кызматкери студенттерге өрттү өчүрүү жабдыгын кантип колдонуу керектигин үйрөттү.