Жаңылыктар
Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери чек ара сызыгынан жолугушту
Дүйнө
Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери чек ара сызыгынан жолугушту

Түндүк жана Түштүк  Кореянын лидерлеринин тарыхый сүйлөшүүлөрү башталды. Бүгүн өлкө башчылары чек ара сызыгынан жолугушуп,  70 жылдан  ашык  мамлекеттердин ортосун бөлүп турган  бетонду  аттап өтүп, жылуу мамиледе Тынчтык үйүнө бет алышканын Түштүк Кореянын  Ренхап  агенттиги жазып чыкты. 

Түштүк  Кореянын президенти  Мун Чже  Ин  кесиптеши  Ким Чен Ынга  эки өлкөнүн ортосуна темир жол куруу керектигин айтканын маалымат жыйында  Корея  республикасынын президентинин басма сөз катчысы Юн Ен Чхан  билдирип, темир жол  эки өлкөнүн  экономикасынын өнүгүшүнө  чоң салым кошот  деген. Тактап айтканда, аталган долбоор тууралуу буга чейинки  өлкө башчыларынын  жолугушуусу учурунда сөз  болгону менен ишке киргизүү керектиги  айтылган эмес. Бул Корей жарым аралынан жүктү  Россияга, Еврапага  алып чыгууга  көмөк  көрсөтөт дегенди түшүндүрөт  деген ал.

 2-дүйнөлүк согуштан кийин ажырым жолго түшкөн Кореянын минтип кайрадан өз ара пикир табышы дүйнөнүн башка мамлекеттеринин  жетекчилеринин  колдоосуна  алынууда. Түндүк  Кореянын лидери буга чейин ядролук куралын сынап  эл аралык коомчулуктун үшүн алган болчу.  Ата мекендик талдоочулар бир эл бирок эки башка  мамлекеттин көп жылдан берки сууган мамилесинин жанданып башташын  жакшы жөрөлгө катары баалашууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"