Жаңылыктар
Кыймылга кылмыш козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыймылга кылмыш козголду

«Джамаат ат-Таухид валь-Джихад» - Кыргызстанда террористтик кыймыл деп табылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кыймылдын өлкө аймагында ишмердик жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Бул агымдын бөлүмчөлөрү - радикалдык салафиттик джихад топтору. 

Ага сириялыктар гана эмес, Сирияга өлкө жарандарын азгыруу менен алек болгон кыргызстандыктар дагы кирет. Буга байланыштуу уюмга карата кылмыш иши козголду.

 Эске салсак, Кыргызстанда 19 диний уюм деструктивдүү жана экстремисттик багыттагы агым деп табылып, алардын ишмердигине тыюу салынган.