Жаңылыктар
Алчалуу айылында 40 орундуу балдар бакчасы ачылды
Билим
Алчалуу айылында 40 орундуу балдар бакчасы ачылды

Чүй облусунун Ибраимов айыл округуна караштуу Алчалуу айылында 40 орундуу балдар бакчасы ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин курууда каржы үч булактан алынган. 

Курулуштун чыгымынын бир бөлүгү "Арис" долбоору аркылуу, бир бөлүгү жергиликтүү бюджеттен жана айылдыктар каржылашкан. 

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун кичи мекенинде заманбап балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Жаңы имаратта айылдагы жана ага жакын кыштактаын балдар мектепке чейинки билим алышат.

Бакчанын ачылышына жергиликтүү жашоочулары, облустук, райондук билим берүү мекемесинин өкүлдөрү келди. Ибраимов айыл округунун башчысынын айтуусунда, бакчанын курулушуна жергиликтүү тургундар активдүү катышкан.

Заманбап мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы жабдуулар менен жабдылып, балдардын ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.