Жаңылыктар
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө

Ысык-Көл быйыл да дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларга бай. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына төрт айдан ашыгыраак убакыт калды. Мындан улам учурда жаңы өкмөт Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу иштерине жигердүү киришти.

Иш үч багытта илим, билим, маданият жана спорт боюнча жүрүүдө. Жүздөн ашык мамлекетке өкмөттүн атынан чакыруу каттары жөнөтүлдү. 

Көчмөндөрдүн бүйүр кызыткан оюндарына күбө болууну каалагандар да келүү ниеттерин билдирүүдө. Анткени быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мурдагылардан да кызыктуу, өзгөчө өткөрүлгөнү турат. Айрыкча чоң мааракенин ачылыш жана жабылыш аземиндеги оюн-зоок, концерт көрүүчүлөргө күтүлбөгөн белек болот. Катчылыктын өкүлдөрү купуя сырдын чети менен бөлүштү. 

Ага улай спортчуларды, меймандарды тосуп алуу, аларды коштоп баруу жана жайгаштыруу жагы Ысык-Көлдөгү пансионаттар, эс алуу жайларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүлүп жатат. Жол тыгын маселесин чечүү максатында ички айланма жолду оңдолот, Кырчын жайлоосуна да жол салынат, коопсуздукту камсыздоо маселелери да колго алынууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы эң башкы күч - бул ыктыярчылар. Быйыл чоң иш чарага 550 ыктыярчы атайын эки баскычтагы сынактын негизинде тандалып алынды. Кырк ыктыярчы чет мамлекеттен тартылды.

Көчмөндөрдүн жашоо-шартына, кулк-мүнөзүнө шайкеш келген оюндар көрөрмандардын кызыгуусун жаратканы менен өзгөчөлүү. Атадан балага өтүп келе жаткан ар бир оюндун өзүнө таандык болгон мааниси бар. Бул саамалык менен Кыргызстандын экономикалык, геосаясий жана туристтик абалы жогорулайт.