Жаңылыктар
Туристтик сезондун ачылышын утурлай туристтик форум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтик сезондун ачылышын утурлай туристтик форум өттү

"Кыргызстан менен таанышуу: жаңы багыттар, мүмкүнчүлүктөр жана инновациялар". Дал ушундай аталыштагы эки күндүк форум Бишкекте өтүп жатат. 

Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 200дөн ашык туроператорлор жана туризм тармагында иш алып барган уюмдар чакырылган. Алар бир аянтчага чогулуп, Борбор Азиялык кесиптештери менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Эки күнгө созулуучу иш-чарада көчмөн маданиятына негизделген Кыргызстандын жаңы туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүүдө. Анда облустардан келишкен туризм тармагында иш алып барган уюмдар боз үй тигип, дагы бир ирет кыргыздын каада-салт, үрп-адатын даңазалашты.

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясынын беш пайызын туристтик тармак түзгөн. Туризм департаменти кабарлагандай, мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. Ал арада 2023-жылга чейин ички дүң продукциядагы туризмдин көрсөткүчүн 10 пайызга көтөрүү мерчемделүүдө.