Жаңылыктар
Каракол шаарынын мэринин аткарган иштери канааттандыраарлык эмес деп табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарынын мэринин  аткарган иштери канааттандыраарлык эмес деп табылды

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевдин 2017-жылдагы аткарган иштерин шаардык кеңештин депутаттары канааттандыраарлык эмес деп тапты. 

Эл өкүлдөрүнүн пикиринде шаар ичиндеги жолдордун ремонт иштери, шаарды көрктөндүрүү, таза суу менен камсыздоо жумуштары тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес. 

Мындан сырткары былтыркы жылы шаар ичине жаңы орнотулган аялдамалар, энелер аллеясындагы оргуманын кайра калыбына келтирүү иштеринин каражаттары дагы өтө жогору баа менен көрсөтүлгөн. Мындан сырткары муниципалдык тазалык ишканасына жаңы техникалар алынганы менен шаар тазалыгы көңүл жылытаарлык эмес деп баа беришти. 

Шаардык кеңештин депутаттарынын белгилөөсүндө транспорт министрлиги тарабынан 2017-жылы жол оңдоо иштерине бөлүнгөн каражаттар да туура эмес пайдаланылып, Кашка-Суу жана Восход кичи райондорунда жумуштар эмгиче бүтөрүлгөн эмес. Келтирилген фактылар боюнча калаа башчысы Данияр Арпчиев коментарий берүүдөн баш тартты.