Жаңылыктар
Ошто жол кырсыктарды алдын алуу акциясы уюштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто жол кырсыктарды алдын алуу акциясы уюштурулду

Ош шаарынын борбордук аянтында «Жаркыра!» («Стань ярче!») аталышында акция болуп өттү. Бул тууралуу ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага окуучулар, жол кыймылынын «Жаш тескөөчүлөр» командасы, мугалимдер, ЖКККБнын жана мэриянын кызматкерлери катышты. Анын жүрүшүндө окуучалар тарабынан уюштурлган оюн-зоок жана сынактар тартууланды. Жыйынтыгында акцияга катышкан бардык окуучуларга балмуздак жана суусундуктар таратылды. Мындан тышкары, сынактарда жеңүүчү болгон окуучулар ар кандай баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара жаш өспүрүмдөр арасындагы жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу максатында уюштурлаган.