Жаңылыктар
Ала-Арча жаратылыш паркында чуркоону сүйүүчүлөр арасында марафон өттү
Спорт
Ала-Арча жаратылыш паркында чуркоону сүйүүчүлөр арасында марафон өттү

Ишемби күнү Ала-Арча жаратылыш паркында чуркоону сүйүүчүлөр арасында марафон болду. Сергек жашоого үндөгөн саамалык “Ала-Арча этно чуркоо”- деген аталышта өтүп, жарышка миңге жакын жөө күлүк катышты. Спорт ышкыбоздору тоону беттеп 10 чакырым аралыкты өтүштү.

Ала-Арча капчыгайында жарышка түшө турган күлүктөр, аларды сүрөп, колдоочулар болуп отуруп 2 миңдей киши чогулган. Уюштуруучулар эс алуу жайынын кооздугун даңазалоо жана элди спортко үндөө максатында марафон өткөрүүнү максат кылган.
Уюштуруучулар этно марафонду алгачкы ирет өткөрүштү. Эми алар саамалыкты башка дагы кооз жерлерден өткөрүүнү пландап жатышат.