Жаңылыктар
Ош шаарында өрттөн 4 үй жабыркады
Кырсык
Ош шаарында өрттөн 4 үй жабыркады

Ош шаарынын Түштүк кичи районундагы жер тамдардын биринен өрт чыкты. Тилсиз жоо коңшулаш жайгашкан дагы үч үйгө жабышкан. 

Өрттүн очогу Пичугин көчөсүндө жайгашкан №20 үй экендигин өрт өчүрүүчүлөр боолголоп жатышат. Аталган турак жай айланма жолдо жайгашкандыктан, мындан Фурманов, Пичугин жана Куйбышев көчөлөрүндөгү 4 үй жабыркаган. 

Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Кырсык болгон жерде Өзгочо кырдаалдар министрлигинин 5 техникасы иштеген. Учурда өрттүн себептери менен чыгымдары аныкталып жатат.