Жаңылыктар
Э.Абдылдаевге Кытай Элдик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Э.Абдылдаевге Кытай Элдик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты. Анда тараптар Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунун күн тартибиндеги маселелерди талкуулады. 

Кытайга болгон сапары учурунда Эрлан Абдылдаевге Кытай Элдик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Ошол эле учурда тышкы иштер министри ССТВ (СиСиТВ) каналына интервью берди.

Эрлан Абдылдаевге наам ыйгаруу салтанатына Кытайдын жогорку окуу жайы мыкты деңгээлде даярданган. Тышкы иштер министри Кытай элдик университетинин ардак китепчесине каалоо тилектерин билдирип кол тамгасын калтырды. 

Окуу жайдын мугалимдери, студенттери жана журналисттердин катышуусунда Кыргызстандын тышкы иштер министрине Жогорку окуу жайдын “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Чогулгандардын алдында Эрлан Абдылдаев кытай тилинде сүйлөп, ыраазычылыгын билдиргени көптү таң калтырды. Ал 36 жыл мурун Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу факультетине тапшырып, билим алганын, кийин он жыл Кытайда жашагандыктан кытай тилинде мыкты сүйлөй турганын билдирди.

Ошол эле учурда Эрлан Абдылдаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, ШКУ түзүлгөндөн берки 17 жылда, ал аймактагы эл аралык жана аймактык маселелер боюнча иштиктүү ролду ойногон таасирдүү уюмга айланганы тууралуу кеп болду. Абдылдаев ШКУга мүчө мамлекеттер бардык тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү чараларды түзгөнүн белгиледи.