Жаңылыктар
Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракеси белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракеси белгиленди

Борбор калаанын мааракеси апта бою белгиленди. Ар түрдүү оюн-зоок, кечелер уюштурулуп келсе, эң маанилүү салтанат шаардын күнү болгон 29-апрелде өттү. Калаа тургундарын калаа башчы Албек Ибраимов, Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосун Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев окуп берди.

Түркия, Орусия, Казакстан, Венгрия сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген жаш таланттар 27-апрелден бери калаанын мааракеси үчүн уюштурулган “Наристе” эл аралык балдар фестивалына катышып жатышкан. Алар өз өнөрлөрүн бишкектиктерге борбордук аянтта да көрсөтүштү.

Эстрада жылдыздарынан шаарды даңазалаган ырлар жаңырды. Бишкектен чыккан атактуу “Город 312” менен MBAND орусиялык топтору калаа тургундарына жагымдуу маанай тартуулады.

Баш калаанын мааракесине арналган ар түрдүү оюн-зооктор, спорттук мелдештер бир нече күн бою уланды. 1878-жылы 29-апрель, шаар макамын алган күн Бишкектин майрамы катары ар жыл сайын белгиленип келет.