Жаңылыктар
Борбордогу "Ак-Кула" ат майданы толук оңдоодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордогу "Ак-Кула" ат майданы толук оңдоодон өттү

Кезегинде жеке тараптарга мыйзамсыз сатылып кеткен ордо калаадагы "Ак-Кула" ат майданы толук ремонттон өттү. 

Былтыр кайрадан Бишкек мэриясынын карамагына кайтарылган ат майданын оңдоо иши Нооруз майрамынан кийин башталган.

Кезегинде мыйзамсыз сатылып кеткен бул жайдын акыркы жылдардагы абалын дал ушул видеодон көрүүгө болот. Дубалдарынын шыбактары урап түшүп, отургучтары жок ат майданы көк бөрү болоордо гана эске түшпөсө, калган учурда унутта калган.

50 гектардан ашык аянты бар Бишкек шаарындагы “Ак-Кула” ат майданы 1997-жылы жеке тараптардын колуна өткөндө бери бир да ремонттон өтпөй, абалы кооптуу абалга кептелген. Өткөн жылдын аягы менун кайрадан Бишкек мэриясынын карамагына өтүп, учурда толугу менен ремонттон өттү.

Аталган жай мэриянын карамагына өткөндөн тарта Дене тарбия жана спорт башкармалыгы ээлик кыла баштады. Ал арада таланып-тонолгон отуруучу жайлар коюлуп, тирөөчтөрдөн бери сырдалып, имараттын сырты жаңыртылып, чатырчалары да бир сыйра оңдолду.

Ушул тапта Ипподромдо отура турган 2,5 миң кишилик орун бар, ал эми жалпысынан алганда трибунага алты миңдин тегерегинде адам батат. Кошумчалай кетсек, бул жайда канчалаган иш-чаралар өткөрүлгөнү менен тиешелүү унаа токтотуучу жай жок. Эми келечекте ишке ашырыла турган долбоордо мунун баары эске алынды.