Жаңылыктар
Бүгүн, эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү!
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн, эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү!

Биринчи май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында жумушчулар эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен көчө жүрүшүнө чыккан. 

1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде жыл сайын бул күнү жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 

Ал эми Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Азыр ал «Жаз жана эмгек майрамы» деген аталышта белгиленет. Бул күндү майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсү белгилейт.