Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери

Ысык-Көл облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун отуз бир ардагери жашайт. Кан майданда каармандыгы жана оруктагы кажыбас эмгеги менен Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандардын эмгектери түбөлүк сакталышы керек. 


9 - май Улуу жеңиш күнү, кубанычтуу майрам болуп эскерилгени менен анын тарыхы узак жылдарды камтыйт. Жеңиш үчүн канчалаган адам жаш, кары дебей курман болду, канчалаган өмүрлөрдү бүгүнкү жаркын келечек үчүн соолуду. 


Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Тенти ата быйыл токсон сегиз жашта. Ал 1941-жылы Чкалов атындагы аскер окуу жайынан даярдыктан өткөндөн кийин Бузулук шаарында чалгындоо ротасында кызмат өтөп, фельдмаршал Паулюсту колго түшүрүүгө катышкан.


1942-жылы катуу жарат алып, айылына кайтып келет. Бирок Тенти ата, немец тилинде сүйлөй билген чалгынчы болгондуктан, фронтко кайра чакырылган.