Жаңылыктар
Кабулдагы кош жардыруудан 29 адам каза болду
Дүйнө
Кабулдагы кош жардыруудан 29 адам каза болду

30-апрелде Афганистандын борбору Кабул шаарында болгон кош жардыруудан кеминде 29 киши каза тапты. 

Алардын тогузу журналисттер болгон. Ооган бийлигинин берген маалыматына караганда террористтик акттан 40ка чукул киши жарадар болду. 

Жанкечти чет элдик дипломатиялык миссиялар жайгашкан Шаш Дарак кварталында өзүн-өзү жардырып жиберген. 

20 мүнөттөн кийин журналисттер окуяны чагылдырууга чогулган жерде экинчи бомба жарылган. Кабулдагы кош жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” жоопкерчилик алды.