Эл аралык издөөдө жүргөн, мурдагы президент Аскар Акаевдин күйө баласы Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды.
Тойгонбаевге Кыргызстанда алдамчылык, уурдоо, салык төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча айып тагылып, ага 2005-жылдын 24-мартынан кийин издөө жарыяланган.
Ал Акаевдин бийлиги учурунда анын үй-бүлөсү менен бирге Кыргызстандагы кирешелүү делген ири ишканаларды көмүскө башкарып, өлкөдөгү медиа-чөйрөнү көзөмөлдөп турган.
Мына ушундай эле көрүнүш 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Бакиев бийлигинин тушунда да уланды. 20 жылдык үй-бүлөлүк башкарууга кыргыз эли кантип чекит койду?
Өткөн эки ыңкылапка серепчилердин баасы тууралуу Самат Асиповдун материалында: