Жаңылыктар
Эмгекти кантип коргоо керек?
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгекти кантип коргоо керек?

Адамды адам кылган - эмгек. Учурда Кыргызстан калкынын 2,5 миллиону ар түрдүү тармакта эмгектенет. Бул санды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Бирок, көпчүлүк эмгек кодексинде көрсөтүлгөн укуктарын биле беришпейт. Алар кандай көйгөйлөргө туш болот жана эмгекти кантип коргоо керек?


Учурда Кыргызстанда жумуш менен алектенген калктын 70 пайызы көмүскө экономика үчүн иштеп жатат. Тактап айтканда, алар социалдык фондго эч кандай чегерүүлөрдү жүргүзбөйт. Демек, келечекте пенсия алуу жагы да бир топ татаалдашат. Андан сырткары да көйгөйлүү тараптары көп.

Мындай абалга кептелбеш үчүн иш берүүчү менен сөзсүз эмгек келишимин түзүп алуу зарыл. Эгер жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда келишпестиктер келип чыкса, кесиптик кошуундарга кайрылуу зарыл. Учурда кесиптик кошуун федерациясына күн сайын ондогон кайрылуулар келип түшөт.

Эмгекчилердин ден соолугун сактоо, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана өндүрүштүк кырсыктарды болтурбоо мамлекеттин маанилүү иш-аракетинин бири. Мыйзам боюнча Кыргызстанда ар бир адам эмгектенүүгө, эс алууга жана ден соолугун сактоого укуктуу. Мунун баары эмгек кодексинде көрсөтүлгөн.