Жаңылыктар
Сузактагы кооптуу абалды жоюуда кандай аракеттер көрүлүүдө?
Өзгөчө кырдаал
Сузактагы кооптуу абалды жоюуда кандай аракеттер көрүлүүдө?

Куткаруучулардын күжүрмөн эмгеги менен жаратылыш кырсыктарына жол берилбей, алдын алуу иштери жүрүп жатат. Мына ушул куткаруучулардын талыкпаган аракети менен өзгөчө кырдаал учурунда жоготууларга жол берилген жок.

29-апрель күнү Сузактын Сары-Булак айылында ири көлөмдөгү жер көчкү сүрүлүп , Көк-Арт дарыясынын агымын толук бөгөп калган эле. Жеринде кооптуу абалды жоюуда кандай аракеттер көрүлүүдө? 



Адистердин ырасташынча, топтолгон суу кокусунан жайылып кеткенде, дарыяны бойлой төмөн жакта жайгашкан Сузак менен Жалал-Абад шаарынын калктуу конуштарын суу каптамак. Бактыга жараша, чогулган суу өз нугун таап, акырындык менен чыга баштаган.

Ал эми чукул кырдаал катталаар замат, эң чоң коркунуч жаралган Жаңы-Ачы жана ага катарлаш башка айылдардын тургундарын убактылуу коопсуз жакка көчүрүп чыгуу иши колго алынган.