Жаңылыктар
Баткен шаарындагы таштанды маселеси кандай чечилет?
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен шаарындагы таштанды маселеси кандай чечилет?

Баткен шаарындагы таштанды таштоочу жай шаардагы турак жайларга жакын жерде жайгашып, айланасы тосулбагандыктан, тургундар таштандыга аралашып жашоого мажбур. Ал жерге турак жайлардан чыккан агынды суулар да төгүлгөндүктөн, мындагылар жагымсыз жыттанган аба менен дем алууга аргасыз болушууда. Ал эми жергиликтүү бийлик бул маселе толугу менен чечилет деп ишендирүүдө.


Баткен шаарынын Чет-Булак тилкесинде жаңы конуштан турак жай салуу үчүн жер бөлүнүп берилерде таза суу, жарыктандыруу, жол сыяктуу маселелер каралбай калган. Ал гана эмес конуштагылар таштанды таштоочу жайга жакын жайгаштырылып калган.

Шаардагы антисанитардык кырдаал тууралу жаны конуштун тургундары бир канча жолу жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылышкан, бирок, жыйынтык болгон эмес. Ал эми абаны булгаган агынды суулардын ээн талаага төгүлүп жаткандыгы тууралуу "Тазалык" ишканасынын да маалыматы жок болуп чыкты. Бирок, бул жер тез арада тазаланаарын билдиришти. Ал үчүн 100 миң сом да бөлүнгөн.