Жаңылыктар
Каракол шаарында жол оңдоо иштери жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарында жол оңдоо иштери жанданды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы асфалть төшөлгөн жолдордун эскилиги жетип, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратууда. Былтыр шаардын кире беришиндеги бир жарым чакырым жолду оңдоп-түзөө иштери жарымына келип токтогон. Быйыл ал жол толук бүткөрүлүп, кошумча дагы бир жарым чакырым жаңы жол салынат. 

Каракол шаарында жалпы 230 чакырым ички жолдор бар. Алардын жетимиш пайызында асфальт жаткырылган эмес. Калган бөлүгүндө өз убагында ремонт иштери жүрбөй абдан кейиштүү абалга кептелген. 

Шаар бийлиги жыл сайын жол салуу менен алектенгенине карабай, тургундардын нааразычылыгы азайган жок. Себеби 2012-жылдан тарта улам келген шаар башчысы ишин жол салуу менен баштап, акыры аягына чыгып бүтүрүп бергени болбоптур. 

Алты жылдан бери жалпы он бешке жакын көчөлөрдө оңдоо иштери башталса, экөө гана толук бүткөрүлгөн.