Жаңылыктар
Бүтүрүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнү үйлүү кылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Бүтүрүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнү үйлүү кылышты

Токтогул районундагы Үч-Терек айылындагы мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү турак жай куруп берди. 

Алар даяр үйдүн ачкычын Жамбыл Сариевге тапшырышты. Сариевдин жубайы да 2-топтогу майып. Алар буга чейин кызы менен бузулган үйдө жашап келишкен. 

Кыргызстанда жыл сайын мектепти бүтүрүп кеткендер 10, 20, 30 жылдыгын өткөрүп, айрымдары бул шаан-шөкөттү бир аптага чейин белгилейт. Албетте, бул убакыт аралыгында оңбогондой акча кетет. Бирок акыркы жылдары айрымдар мындай ысырапкорчулуктан баш тартып, муктаждарга жардам берүүдө.