Жаңылыктар
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата, кыргыз-өзбек жазуучулары жолугушту
Маданият
Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата, кыргыз-өзбек жазуучулары жолугушту

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовун 90 жылдыгына карата, кыргыз-өзбек жазуучулары Бишкекте жолугушту. Өзбекстандын делегация курамында Өзбек улуттук жазуучулар союзунан, эл аралык мамилелер боюнча комиссиясы жана Өзбекстандагы Кыргыз маданий борборунун  өкүлдөрү келди. Жолугушуу учурунда  түбү бир түрк тилдүү калктардын туугандык  алака -тамыры байыртадан уланып келгени айтылды.

Өзбекстанда  Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аттуу борбор ачылып, жазуучунун чыгармалары 15 театр сахнасында коюлуп, “Делбирим”чыгармасынын негизинде көркөм фильм жана ишмердиги боюнча даректүү тасма тартылары айтылды. 1960-жылдардан бери Айтматовдун чыгармалары өзбек тилинде 1миллион нускада чыгып, жакында эле дагы басмадан чыкканы айтылды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"