Жаңылыктар
Кандуу согушта 5 жыл жүрүп, алааматтан аман кайткан ардагер
Кыргызстан жаңылыктары
Кандуу согушта 5 жыл жүрүп, алааматтан аман кайткан ардагер

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын катары суюлуп отуруп азыркы күндө 500гө чукул ардагер калды. Алардын бири 99 жаштагы Мураталы Буудайчиев. Сары-Өзөн өрөөнүнүн кулуну согуш башталгандан аяктаганга чейин катышып, алааматтан айылына аман келген. 


Мураталы Буудайчиев 1940-жылы армияга чакыртылып, Ленинград шаарында кызмат өтөп жаткан учурда согуш чыгып, ал душман менен алдыңкы саптарда салгылашкан жоокердин бири. Ардагер согушта аткычтар полкунда кызмат өтөдү.  Мураталы ата Ленинград курчоосунда калып, андан душманды сүрүп чыгарууга катышкан. 

Өзү эскергендей, кармаштардын биринде 200дөй жоокер болуп курчоодо калып, теңинен көбү каза таап, башы аман калган. Ардагер согуштун алгачкы оор күнүнөн тарта, жеңиш байрагы желбирегенге чейин кан майданда болуп, мекенине алты жыл дегенде келген. Бир кылым өмүр сүргөн карыянын эсинен согуштун тагы кете элек.

Мураталы ата Ысык-Ата районунун Сынташ айылынан болот. Дагы жарым жылдан кийин 100 жашка кадам таштайт. Бактылуу карыянын 100гө чукул урпагы бар. Ардагер балдарынын гана эмес мамлекеттин дагы камкордугуна алынган.