Жаңылыктар
Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларынын тең жарымы лицензиясы жок иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларынын тең жарымы лицензиясы жок иштейт

Кыргызстанда 700 го жакын акча алмаштыруу жайларынын тең жарымы лицензиясы жок иштейт. Улуттук банктан билдиришкендей ар кандай себептерге байланыштуу жыл башынан бери 68 акча алмаштыруу жайынын лицензиясы жокко чыгарылган. 

Эксперттер акча алмаштыруу жайлары көмүскө экономикага жол берип, валюта рыногуна туруксуздукка алып келет деген негизде аларга болгон суроо талапты күчөтүү керектигин айтууда.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"