Жаңылыктар
Мады айыл өкмөтүндө эле учурда 5 жаңы ферма курулууда
Айыл чарба
Мады айыл өкмөтүндө эле учурда 5 жаңы ферма курулууда

Мады айыл өкмөтүнүн четиндеги аймак көп жылдар бою кароосуз калып келген. 15 гектардай бош жаткан жердин 4 гектарын өздөштүрүүнү өткөн жылы жергиликтүү тургун колго алган. Таштак, анан дагы сугат суу тартылбаган кайрак жерге жан киргизүү (көктөтүү) багбанга оңойго турган жок.
Эр эмгегин жер жебейт. Багбандын бешене тер мээнети текке кеткен жок. Алма, алча, шабдалынын миңден ашуун жаш көчөтү тигилди. Буларды сугарууга 6 миң метрлик суу куурлары тартылды.

Фермерлердин эт, сүт багытында мал чарбачылыгын колго алуусу да жөн жерден эмес. Мады Ош шаары менен чектешкен аймак. Бул азыктарды ички, сырткы рынокко чыгарууда көйгөй жаралбайт. Оштун борборунда түштүктөгү үч облусту тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар, ЕАЭБдин талаптарына толугу менен жооп бере алган ветеринардык лаборатория ишке кирген.