Жаңылыктар
Фашисттик Германияга каршы Францияда кыргыз партизандары да согушкан
Кыргызстан жаңылыктары
Фашисттик Германияга каршы Францияда кыргыз партизандары да согушкан

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Францияга да кол салган фашисттик Германияга каршы француз эли жигердүү күрөшкөн. Эң кызыгы, “Француз каршылыгы” уюмунун катарын кыргызстандык партизандар толуктаганын коомчулуктун басымдуу бөлүгү биле бербейт. 

Акыркы жылдары Ала-Тоолук эр азаматтар баскынчылар менен жан аябай салгылашканы тууралуу маалымат ачыкка чыгып отурат. Өкүнүчтүүсү, жеңишке салым кошкон жоокерлер мекенине келгенде запкы тартышкан.

1939-жылы экинчи дүйнөлүк согуш башталып, Францияны немец аскерлери басып алган. Ага карабай генерал Шарль де Голь башында турган патриоттор Гитлерге каршы күрөштү улантууну чечет. Душмандын мизин кайтарууга жашыруун уюмдар жана макизар деп аталган партизандык отряддар түзүлгөн. 

Фашисттер туткунга алган жоокерлерди Германия менен Франциядагы концентрациялык лагерлерге да алып барган. Андан качып чыккан туткундар макизарлардын катарына кошулган. Алардын катарында Франциянын азаттыгы үчүн 29 кыргызстандык согушкан. Бул маалымат ошол кездеги партизан жердешибиз Омор Жекишевдин чөнтөк дептерчесинде тастыкталат. Тарыхый учурлар тууралуу журналист Кемелбек Кожомкулов иликтеп, макала жазып чыгып, атүгүл Францияга чейин белгилүү болгон.