Жаңылыктар
Кыргызстанда жеке турак-жайлардын курулушу өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жеке турак-жайлардын курулушу өстү

Кыргызстанда жеке турак-жайлардын курулушу өстү. Орточо эсеп менен алганда өлкөдө бир чарчы метр курулуш 14  миң сомдун тегерегинде  бааланат. Бишкекте бул көрсөткүч 24 сомдун тегерегин  түзсө, Баткенде 10 миң сомго чейин жетет. 

Ал арада Өкмөттүн “Арзан турак жай” программасынын алкагында дагы жеке турак-жайлуу болгон жарандардын саны өсүүдө. Азыркы күндө ипотекалык насыяларды бюджеттик ишканалардын кызматкерлери эле эмес, жалпы жарандар алууга мүмкүнчүлүк түзүү аракети уланууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"