Жаңылыктар
Сузактагы жер көчкү кайрадан Көк-Арт дарыясын тосуп калды
Өзгөчө кырдаал
Сузактагы жер көчкү кайрадан Көк-Арт дарыясын тосуп калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү кайрадан жанданып, Көк-Арт дарыясын тосуп калды.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Буга чейин 29-апрелде Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясын 48 миң метр куб жер көчкү бөгөп калган. Бара-бара топтолгон суу жер көчкүнү жиреп өз нугунда агып баштаган. 

Бирок 2-майда кечки саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүп, суунун нугун бөгөп калды. Учурда топтолгон суунун көлөмү 1 млн 200 миң метр куб деп айтылууда. Жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу абалды көзөмөлдөп турат.