Жаңылыктар
Оппозиция өкүлдөрү өлкөдө олку-солку абал жаратууну көздөгөн
Саясат
Оппозиция өкүлдөрү өлкөдө олку-солку абал жаратууну көздөгөн

Интернетте пайда болгон оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү,  алардын өлкөдө олку-солку абал жаратууну көздөгөнүн далилдеп турат. Мындай жыйынтыкка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети дагы келди.Эске салсак, 22-март күнү интернетте  оппозиция өкүлдөрүнүн  телефон аркылуу сүйлөшкөн аудио жазуусу жарыяланды. Анда алар Кыргызстанда ири суммадагы каражатка массалык башаламандык уюштуруу тууралуу сүйлөшүшкөн.

Жогоруда айтылгандай 22-мартта бийликти басып алуу боюнча оппозиция өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү жарыяланып, анда өлкөдө олку-солку абалды жаратууну каалагандар элге көп суммада акча таратып, массалык башаламандык  уюштуруу тууралуу ич ара пландарын түзүп, бийликти күч менен алмаштыруу камылгасын көрүшкөн.

Азыр өздөрүн оппозициябыз дегендердин дээрлик көпчүлүгүн буга чейин жогорку кызматтарды ээлеп келгендер толуктайт. Эксперттердин баамында бүгүнкү күндө Кыргызстанда оппозицияда бийликке таарынган  же жылуу-жумшак жерде кызматка жетпей калгандар жүрушөт. Бүгүнкү күндө алардын  жалгыз мүдөөсү  кандай жолдор менен болсо дагы бийликке  келүү аракети болууда -дешет алар.  Укук коргоочу Турсунбек Акун  Кыргызстанда буга чейин көп жолу митинг, курултайлар өткөрүлүп, оппозиция конкреттүү сунуштары жана максаттары менен чыгып келгенин эске салат. “Ал кезде акча төлөп элди митинге чыгаруу тууралуу сөз дагы болгон эмес” -дейт ал.

Турсунбек Акун белгилегендей азыркы күндө район борборуна же калаага өз жол киреси менен келип, пикирин билдиргендер жокко эссе. Көп учурда чиновниктер расмий кызматын тапшыргандан кийин эле оппозиционер-миллионер болуп чыга келет. Анан тарапташтарына кой союп, жумалап жол тостуруп, акчасын чачып калат. Легендарлуу парламенттин депутаты Кубатбек Акматбеков,  мындай каражаттарды табууга аларга убагында жемкорлук гана жардамга келгенин айтат.

Чындыгында оппозиция ар кандай жолдор менен белгилүү бир жактардан  каржыланары айтылып келет. Бирок аларды колунан кармап калган учур катала элек. Талдоочу Марат Казакбаев каржыланган каражаттар сөзсүз кандайдыр бир мүдөөнү ишке ашыруу үчүн колдонуларын белгилейт.

Кыргызстанда элдин кызыкчылыгын коргоо эмес, бийлик үчүн жанталашып күрөшүү учурлар көп эле жолу болуп келген. Өздөрүнүн атын бул көрүнүштүн автору катары чыгышын каалабаган жана көмүскөдө кала бергиси келген көшөгөнүн артындагы режиссерлор тарабынан уюштурулган митингдердин катары калың болду. Бирок өздөрүн оппозициячыл деген саясатчылар кимдер жана алар кайсыл өлкөлөргө көбүрөөк  сапар тартып, каржылык колдоо алары далилденбесе дагы  коомчулукта ачык эле айтылып жүрөт.

М.Абдраманова,  Биринчи радио