Жаңылыктар
Кочкор районунда мал уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды
Кылмыш
Кочкор районунда мал уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунда бир түндө 3 тургундун короосунан мал уурдаган 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 21-март күнү Кочкор РИИБге Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын 47 жаштагы К.А., 45 жаштагы К.И. жана 72 жаштагы Б.Б аттуу тургундары арыз менен кайрылган. Алар 17-апрелден 18-апрелге караган түнү үчөөнүн бирден баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдиришкен.

Жогорудагы фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кочкор районунун Кара-Саз айылынын 19 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.