Жаңылыктар
Муфтият тарап жаткан орозо календарындагы маалыматтар туура эместигин билдирди
Дин
Муфтият тарап жаткан орозо календарындагы маалыматтар туура эместигин билдирди

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы социалдык тармакта орозонун календарлары тарап жатканын, андагы маалыматтар туура эместигин билдирди. Муфтият орозонун так датасы айдын жаңырышына карап аныкталарын белгиледи. 

Учурда муфтияттын фатва бөлүмү календарь даярдап, ал текшерилип, такталгандан кийин элге таратыларын кошумчалады. Буга чейин "орозо 15-майда башталат" деген маалыматтар тарап кеткен. Былтыр орозо 27-майда башталып, 24-июнда аяктаган.