Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты
Кырсык
Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 7 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Октябрь районунун Садовая көчөсүндө «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру 928ААI) үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Чүйдөгү Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы үйдүн батиринен өрт чыгып, анын кесепетинен сыналгы, кийим-кече жана төшөктөр күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.