Жаңылыктар
С. Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусунда
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусунда

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумуш сапары менен барды. Анын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышуу болжолдонууда. 

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Президент кызматына кирешкенден бери жумуш сапары менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.