Жаңылыктар
Кадамжайда милиция кызматкерлеринин футбол боюнча мелдеши өттү
Спорт
Кадамжайда милиция кызматкерлеринин футбол боюнча мелдеши өттү

Кадамжай шаарында 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата милиция кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдеш өттү. 

Маалым болгондой, мелдешке Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай шаарларынын, Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунун командалары катышты.

Жыйынтык:

- 1-орун — «Шумкар» атайын багыттагы полку;

- 2-орун — Баткен ОИИБ;

- 3-орун — Баткен ШИИБ;

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.