Жаңылыктар
Сүлүктүдө чет өлкөлүктөр катышкан эрежесиз эр таймаш боюнча мелдеш өтөт
Спорт
Сүлүктүдө чет өлкөлүктөр катышкан эрежесиз эр таймаш боюнча мелдеш өтөт

9-майда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу турнирди уюштуруучулардын бири Эркинбек Сапаркулов билдирди.

Анын айтымында, мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген мушкерлер күч сынашат. Мелдеш Улуу Жеңиш майрамына, Сүлүктү шаарынын 150 жылдыгына жана Москвадагы дене тарбия институтунда спорттук менеджмент адистиги боюнча билим алып жаткан сүлүктүлүк Эркинбек Мансуровдун дипломдук ишине карата уюштурулат. Беттештер 610 адамга ылайыкташтырылган Сүлүктү маданият үйүндө өткөрүлөт.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай байгелер тапшырылат.