Жаңылыктар
27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот
Кыргызстан жаңылыктары
27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот

27-мартта өлкөдө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Республикадагы 6 шаар менен 21 айылдык кеңеште өтүүчү шайлоого 24 саясий партия катышууда. Бул тууралуу биздин каналга борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы билдирди. 

Туйгунаалы Абдраимов ырастагандай, бул жолу жарандар айди картындагы катталган дарек аркылуу гана шайлоого катыша алат. Маселен, Таластын Ошто иштеп жаткан тургуну өз жерине барып добуш берүүгө тийиш.

БШК билдиргендей, добушту сатып алуу өңдүү шайлоо участокторундагы ар кандай мыйзам бузууларга бул ирээт да жол берилбейт. Ал эми шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы жекшемби күнү кечинде жарыяланат.