Жаңылыктар
Сарамжалдуу адамдын санаасы тынч
Кыргызстан жаңылыктары
Сарамжалдуу адамдын санаасы тынч

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы аяктады. Анын алкагында ар башка иш-чаралар уюштурулуп, балдар жана жаштарга каржы боюнча маалыматтар берилди. Каржылык сабаттуулукту жакшыртуу боюнча Улуттук банк атайын топ түзүп, акча топтоонун жана аны натыйжалуу сарптоонун жол-жобосун жайылтууну максат кылган.

 Иш-чаралардын алкагында мектеп окуучулары "Акчаны кантип топтоп, кантип сарптоо керек?", "Менин жеке бюджетим", "Акча - ийгиликтин кепилдиги" деген темаларда сабак алды.

Балдар аны менен сынактарга катышып, акчага байланышкан темада дил баяндарды жазып, тасмаларды тартып, калыстардын сынына койду. Мыкты деп табылган эмгектердин ээлери сыйлыктарды алды. Дүйнөлүк акча жумалыгы Бишкекте экинчи жолу өттү. Максаты - каржылык сабаттуулукту жайылтуу, акчаны сарамжал пайдаланууну үйрөтүү жана эң негизгиси - жакырчылыкты жоюуга байлынашкан аракеттерди колдоо!