Жаңылыктар
Өкмөт өлкөдөгү социалдык объектилердин курулушуна 200 миллион сомдон ашык акча бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт өлкөдөгү социалдык объектилердин курулушуна 200 миллион сомдон ашык акча бөлдү

Өкмөт өлкөдөгү бир катар социалдык объектилердин курулушуна эки жүз миллиондон ашык сом бөлдү. иешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бөлүнгөн каражатка кайсы социалдык объектилер курулат жана канчасына оңдоо иштери жүргүзүлөт, 


Колдоого эң эле муктаж болгон социалдык объектинин бири Беловодскидеги балдар психоневрологиялык мекемеси. Короо жайы, имараттары демөөрчүлөрдүн көмөгү менен үстүртөн гана акталып, сырдалгандыктан түзүк көрүнбөсө акыркы жолу он беш жыл мурда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн. Анда дагы жарым жартылай. 

Бирок бул көйгөйдүн бир гана чети эң эле татаалы кыймылсыз шал менен ооруган балдар жаткан имарат таптакыр эле эски жана тар. Имараттардын айрымдары элүүнчү, кийинкилери токсон жетинчи жылдары курулган.


Мекеменин жамаатынын көп жылдан бери көксөгөнү эми аткарылганы турат. Шал оору менен жаткан балдар үчүн имараттын курулушу башталды. Эми балдарды кароо шарты гана жакшырбастан алардын өсүп өнүгүүсүнө дагы мыкты шарттар түзүлөт.