Жаңылыктар
Нарын облустук ооруканасына Япониядан 6 гемодиализ аппараты белекке берилди
Ден соолук
Нарын облустук ооруканасына Япониядан 6 гемодиализ аппараты белекке берилди

Япониялык “Токуда” коомдук фонду апрель айында Нарын облустук ооруканасына 6 гемодиализ аппаратын белек кылды. 2013-жылы кыргыз-япон кызматташтыгын бекемдөө максатында, ошол кездеги Япониядагы Кыргызстандын элчиси Рысбек Молдогазиев тиешелүү тараптар менен жолугуп, бирдиктүү оорукана куруу демилгесин көтөргөн.



Жаңыдан алынып келген гемодиализ аппаратына оорулуулар Ысык-Көлдөн бери келип түшүүдө. Мында бардык процедуралар акысыз жүрүп жатат.  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы гемодиализ аппараттарынын эскилиги жетип, иштебей калгандыгына байланыштуу, ал жердеги оорулуулар аймактарга бөлүнгөн. Нарынга 8 киши, 14 киши Бишкекке, калган 6 киши Балыкчыда дарыланып жатышат.

Бул жаңы алты гемодиализ аппаратын япониялык “Токуда” коомдук фонду белек кылган. Кыргыз-япон кызматташтыгын бекемдөө максатында биргелешкен оорукана куруу демилгеси мындан 5 жыл мурда көтөрүлгөн. Ошол кездеги Кыргызстандын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев тарабынан тиешелүү жактар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын демилгеси колдоого алынып, жумуш алдыга жылган.