Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Түндүк-түштүк" маселесин козуткандарга катаал чара көрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков: "Түндүк-түштүк" маселесин козуткандарга катаал чара көрүлөт

Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга болгон сапары уланууда. Өлкө башчысы бул жолу Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумуш сапары менен барып, анын алкагында бүгүн Тоң районунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда район тургундары көйгөлөрүн көтөрүп, өлкө башчысынан жооп алышты.


Өлкө башчынын жумуш сапары буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен облусунда болгон. Эми Ысык-Көлгө иш сапары Тоң районунан башталды. Бөкөнбаев айылында президент менен райондун жашоочуларынын жолугушуусу белгиленген.


300дөн ашык адам аймактагы бир катар көйгөйлүү деген маселелер менен келишкен. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчынын ишмердиги тууралуу кыскача баяндама жасап, коррупцияга каршы күрөш, аймактарды өнүктүрүү жана ички, тышкы саясатта жасалып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди. 

Өз сөзүндө өлкө башчысы акыркы кезде социалдык тармактарда жана айрым басылмаларда "түндүк-түштүк" маселесин козуткандар бар экенин билдирди. Айтымында, эми бул маселени таңуулап жаткандарга катаал чара көрүлөт.