Жаңылыктар
Кыргызстанда “Жөө жүргүнчү” рейди башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда “Жөө жүргүнчү” рейди башталды

Белгиленген гана жерден өтүү керек! Кыргызстанда “Жөө жүргүнчү” рейди башталды. Алгачкы үч күн Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан соң, эреже бузган жөө жүргүнчүлөргө айып салынат. Административдик кодекске ылайык, айып пулдун көлөмү 500 сомдү түзөт.


Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши. Жолдо унаалардын тыгыны орун алган. Адамдар өзү каалаган жерден жолду кесип өтүүдө. Арасында улгайган ата, апалар, мектеп окуучулары, жаштар, жадагалса бала көтөргөн аялдар да бар.

Жөө адамдар өтпөөчү жерден баласын жетелеген аял эки жагын карабай эле жолду кесип өтүп бара жатат. Анын артынан баласын көтөрүп алган аял чуркап кетти. Жол берген унаалар биринин артынан бири кептелүүгө дуушар. Көпчүлүк жөө жүргүнчүлөр жол эрежесин бузгандыгын мойнуна алып, кечирим сурап, мындай көрүнүш экинчи кайталанбашын айтышат.

Канткен менен мыйзам алдында баары бирдей. Мындан кийин туура эмес жерден өтүп, жол эрежесин бузгандар 500 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөшөт. Ким күнөөлүү да, кимдики туура? Акыркы учурларда айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн ортосунда келишпестиктер көп кездешүүдө. Бирок, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жөө жүргүнчүлөрдүн айыбы менен болот. Муну статистика тастыктайт.