Жаңылыктар
Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча кеңешме өттү

Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча ар бир маселе акыйкат, мыйзам ченемдерин сактоо аркылуу каралышы керек. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сугат айдоо жерлерди чарба жеринин башка категориялары жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө» жана «Жер тилкелерин которуу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө арналган жыйында билдирди.



Жер тилкелерин трансформациялоо маселеси соңку 25-30 жылдан бери чечилбей, көйгөйлөрдү жаратып жатат. Эми сугат айдоо жерлерди чарба жеринин башка категориялары жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жана жер тилкелерин трансформациялоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилгени турат. 


Премьер-министр бул багыттагы Мыйзам долбоорлорун талкуулоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, өзгөртүүлөрдүн социалдык жактан мааниси чоң. Өкмөт башчы аталган мыйзамдарды кароодо жер тилкелерин трансформациялоодогу коррупциялык тобокелдиктерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.


Ошондой эле мыйзам долбооруна өлкө аймагындагы бардык категориядагы жер тилкелери боюнча тактык киргизүү сунушталууда. Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, ведомство аралык комиссия тарабынан жеке турак жай курулушуна трансформациялоо пландаштырылып жаткан сугат жерлерди инвентаризациялоо жүргүзүлгөн.