Жаңылыктар
Борбор калаада 21-майдан тартып ысык суу берүү токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада 21-майдан тартып ысык суу берүү токтотулат

Борбор калаада 21-майда ысык сууну берүү токтотулат. Мэрия бул дата дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет. 

Мындай чаралар жыл сайын жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу экенин “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы кабарлады. Былтыр шаарда ысык суу 22-майда өчүрүлгөн. 

Ысык суунун берилишин бир айга толук токтоткон убакытта магистралдык жылуулук тармактарында оңдоо, алдын алуу иштери жүргүзүлөт.