Жаңылыктар
Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортунун түзүлгөн күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортунун түзүлгөн күнү

Бүгүн  “Манас” эл аралык аэропорту  туулган күнүн, башкача айтканда түзүлгөн күнүн белгиледи. 1975-жылы 4-май күнү  аба майданда эң биринчи пландалган рейс Москва-Фрунзеге болуп, дал ушул учурдан тарта аэропорттун учуу тарыхы башталган. Бул убакыт аралыгында өнүгүүгө бет алган аба майданда бир топ өзгөрүүлөр орун алып, аны азыр эл аралык Хабка айлантуу аракети уланып келет.  

"Манас" аэропортун реконструкциялоо, күтүү залын кеңейтүү, паспорттук көзөмөл кабиналарын көбөйтүү жана желдетүү системасын модернизациялоо маселелери колго алынууда. Ошол эле маалда Кыргызстандын авиациясы  Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгууга дагы камынып жатат. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"