Жаңылыктар
Тазаланбаган каналдар эмнеге алып келет?
Аймак
Тазаланбаган каналдар эмнеге алып келет?

4-майга караган түнү “Коңурат” каналынан ашкан суу , канаатташ жайгашкан айдоо аянтын, унаа өтүүчү жолду, турак үйлөрдү каптаган. 

Аталган айылда бул биринчи жолу суу каптоо эмес. Мунун кесепетинен элеттиктер эшигинин астын көрктөндүрмөк тургай, үй канаттууларын кармагандан кооптонуп калышкан.

Суу айылдагы 10 чукул үйдү каптаган. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары иштеген.

Суу чарбасынын билдирүүсүндө, канал 3,5 миң куб сыйымдуулуктагы сууга ылайыкташкан. Сугат иштерине же, июнга чейин каналдагы суу 1,5 миң кубдан ашпайт.

Каналдагы суу менен бирге аймактагы бир катар мыйзам бузуулар калкып чыкты. Эрежеге ылайык, каралган суу өтмөктөрү айдоо аянттарына берилип кетсе, каналдын жээгине кимдир бирөөлөр тал-теректерди тигип алган. 

Бактардын кулач алган тамырынан жыл сайын каналдын ичи тарып келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү дагы жаан-чачын болоорун эскертет.